• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Элчи Өмүралиев Түркиянын Эсептөө сотунун төрагасы Метин Йенер менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 22.12.21. /Кабар/. 2021-жылдын 20-декабрында Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Эсептөө сотунун төрагасы Метин Йенер менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуу Түркиянын Эсептөө соту жана ТИКА тарабынан Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын делегациясы үчүн уюштурулган каржылык аудит боюнча семинардын ачылышынын алкагында өттү.

Элчи Кубанычбек Өмүралиев аталган семинар кыргыз делегациясына финансылык аудит тармагындагы түрк тажрыйбасын үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берээрин белгиледи. Элчи стратегиялык мааниге ээ болгон кыргыз-түрк боордоштук мамилелерин жогору баалап, Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгы да белгиленип жатканын белгиледи.

КРнын Эсептөө палатасынын делегациясынын жетекчиси, аудитор А. Байгазаков делегация мүчөлөрүнүн атынан ТИКАнын жардамы менен тажрыйба алмашуу үчүн бул иш-чараны уюштуруп жаткан түрк тарабына ыраазычылык билдирип, окутуунун темасы Кыргызстандын жана Түркиянын жогорку көзөмөл органдары үчүн актуалдуу жана өз ара кызыктуу болгонун белгиледи.

Төрага Йенер Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы боордош мамилелерди жана эки өлкөнүн эсептөө органдарынын тыгыз кызматташуусу зарыл экендигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий