• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

Элчи Мирлан Арстанбаев Япониянын депутаты менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 15.04.22. /Кабар/. Кыргызстандын Япониядагы элчиси Мирлан Арстанбаев менен Япониянын парламентинин өкүлдөр палатасынын депутаты Эндо Тосиакинин жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 14-апрелдеги жолугушуу кыргыз тараптын демилгеси менен болду.

Тараптар социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

2022-жылы Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгын белгилөөгө арналган биргелешкен иш-чараларды өткөрүү боюнча пикир алмашуу болду.

Арстанбаев эки тараптуу парламенттер аралык байланыштарды чыңдоонун, Кыргызстан менен Япониянын парламентарийлеринин эки тараптуу иш сапарларын ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий