• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Текебаев германиялык инвесторлорду Кыргызстандын экономикасына инвестиция салууга чакырды

Экономика 0

Бишкек, 13.03.24. /Кабар/. Рейнланд-Пфальц Федералдык аймагынын Майнц шаарында “Борбордук Азия жана Каспий чөлкөмүнүн элчилеринин диалогу” экономикалык форуму өттү.

КР ТИМден билдиришкендей, форумга Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Германиядагы элчилери анын ичинде Кыргызстандын элчиси Өмүрбек Текебаев, Рейнланд-Пфальц Федералдык аймагынын экономика, транспорт, айыл чарба жана шарап өндүрүү министри Даниэла Шмитт катышты.

Өмүрбек Текебаев өз сөзүндө Кыргызстандын экономикалык потенциалына токтолуп, германиялык инвесторлорду өлкөнүн экономикасына инвестиция салууга чакырды. Ошону менен бирге, элчи Германияда энергетиканын, сейрек кездешүүчү металлдардын жана башка минералдык ресурстардын, ошондой эле эмгек ресурстарынын жетишсиздигинин актуалдуулугуна форумдун катышуучуларынын көңүлүн буруп, бул ресурстардын Борбордук Азия өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда бар экендигин белгиледи.

Форумдун жүрүшүндө Борбордук Азия өлкөлөрү менен кызматташкан германиялык компаниялардын өкүлдөрү да региондогу иш тажрыйбалары менен бөлүштү.

Форумдун соңунда Борбордук Азия өлкөлөрүнүн элчилери экономиканын түрдүү тармактарында кызматташуу боюнча германиялык компаниялардын өкүлдөрү менен баарлаша алышты.

Элчилик форумдун катышуучуларына Кыргызстандын экономикалык жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалыматтык материалдарды сунуштады.

Белгилей кетсек, форум Германия менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосунда соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү максатында Рейнланд-Пфальц Федералдык аймагынын Экономика, транспорт, айыл чарба жана шарап өндүрүү министрлигинин колдоосу менен Рейнгессен соода-өнөр жай палатасы жана Германиянын экономикасынын Чыгыш комитети тарабынан уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий