• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Элчи Осмоналиев Азербайжандын илим жана билим министри менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 19.01.24. /Кабар/. Баку шаарында Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиев Азербайжандын илим жана билим министри Эмин Амруллаев менен жолугушту.

КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө билим берүү тармагындагы эки тараптуу кыргыз-азербайжан кызматташтыгынын маселелери талкууланды.

Алсак, эки өлкөнүн Билим берүү министрликтеринин жетекчилигинин деңгээлинде визиттерди алмашуу, Кыргызстан менен Азербайжандын жогорку окуу жайларынын ортосунда байланыштарды түзүү, Кыргызстандын жарандарынын Азербайжанда жогорку билим алуу мүмкүнчүлүгү тууралуу маселелер каралды.

Ошондой эле республика боюнча жеңилдетилген негизде жана орто мектептердин окуучулары менен визиттерди алмашуу практикасын улантуу маселеси козголду. Эки өлкөнүн ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого багытталган долбоорлорду ишке ашыруу маселелери өзүнчө талкууланды.

Жолугушуунун соңунда маектештер эки өлкөнүн билим берүү тармагындагы өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүү жана тереңдетүү боюнча бирдиктүү ниеттерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий