• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин айрым жерлеринде 2 күн газ өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 24.03.23. /Кабар/. Бишкектин айрым жерлеринде 2 күн газ өчүрүлөт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 27-марттан 28-мартка чейин Көк-Жар айылындагы "Сары Челек", "Сейтек", "Искендер" турак жай комплекстеринде жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат.

Компаниядан белгилешкендей, бул күндөрү шаардын Шабдан Баатыр көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдү жаратылыш газына кошуу иштерине байланыштуу №62 газды жөнгө салуучу пунктунун жабдууларын жогорку кубаттуулуктагы жабдууларга алмаштыруу боюнча оңдоо иштери жүргүзүлөт.

Ишкана жарандардан түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт, ошондой эле абоненттерди аталган убакыт аралыгында энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий