• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Монголия инвестиция жаатында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду

Коом 0

Бишкек, 24.10.23./Кабар/. КР президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен Монголиянын соода жана инвестициялар боюнча агенттигинин ортосунда кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду.

Меморандумга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Монголиянын премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ менен жолугушуусунун жүрүшүндө кол коюлду.

Белгилей кетсек, бул монгол тарап менен инвестиция чөйрөсүндө байланыш түзүүдөгү биринчи кадам болуп саналат.

Кол коюлган меморандумдун негизги максаты чакан жана орто бизнестин ишкерлеринин ортосунда тажрыйба алмашууга басым жасоо менен Кыргызстан менен Монголиянын бизнесинин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү активдештирүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий