• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто жыл аягына чейин 720 орундуу мектептин жаңы имаратынын курулушу бүткөрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 24.10.23./Кабар/. Ош шаарында И. Раззаков атындагы 720 орундуу мектептин жаңы имаратынын курулуш иштери аяктоо алдында турат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Оштун мэри Бакытбек Жетигенов аталган билим берүү мекемесинин курулуш иштери менен жеринен таанышып, келечекте окуучулардын ар тараптуу өнүгүүсү үчүн мындай долбоорлор башкаларга үлгү катары болушу керектигин баса белгиледи.

Ошондой эле мэр курулуш иштерин белгиленген мөөнөттө бүткөрүү, долбоорго ылайык сапаттуу аткарылышын тапшырды. Мекеменин курулуш иштери ушул жылдын аягына чейин бүтүшү керек.

Эскерте кетсек, билим уясынын курулушу өлкө жетекчилигинин түздөн-түз көзөмөлүндө турган 100 орто мектептин бири.

Пикир

Оставить комментарий