• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо боюнча талкуу өттү

Аймак 0

Бишкек, 03.03.22. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында Ош шаарында бир катар мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда талкуу болду. Бул тууралуу Ош ШИИБы боюнча Милициянын кайгул кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жыйынга Ош шаарнынын вице-мери Жасур Азимов жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын башчысынын орун басары Байыш Ашырбеков, штаб башчысы Уткир Умаров, Ош шаарындагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

КРнын президентинин жана ИИМдин талаптарын аткаруу, Кыргызстандын аймагында жол кырсыктарын алдын алуу, болтурбоо максатында ЖКККБнын башчысынын орун басары жана штаб башчысы Ош шаардык мэриясы, Жолдор башкармалыгы, Билим берүү башкармалыгы, «Шаарсвет» муниципалдык мекемеси менен биргеликте жыйын куруп, жол унаа кырсыктары жана башка маселелерди талкуулашты.

Мындан сыркары, жыйында жол белгилери боюнча маселелер ортго ташталып, жол чыркатар боюнча көйгөйлүү маселелер козголду.

Пикир

Оставить комментарий