• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жубайы — Мария Айтматова дүйнө салды

Коом 0

Бишкек, 20.04.21. /Кабар/. Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жубайы — Мария Айтматова 79 жашка караган курагында дүйнө салды. Бул тууралуу коомдук ишмер Ассоль Молдокматова өзүнүн facebook`тагы баракчасына жазды.

"Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун үй-бүлөсүнө залкар жазуучунун жубайы Мария Айтматованын дүйнөдөн кайтышына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам. Жаткан жери жайлуу болсун", - деп жазган Молдокматова.

Айтматова Мария Урматовна — 1942-жылы 13-июлда Чүй облусунда туулган.

"Кабар" агенттигинин жалпы жамааты маркумдун жакындарына, туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.

Пикир

Оставить комментарий