• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

27-марттан тарта Сиань - Бишкек - Сиань аба каттамы ачылат

Коом 0

Бишкек, 24.03.23. /Кабар/. 2023-жылдын 27-мартынан тарта Сиань - Бишкек - Сиань жаңы аба каттамы ачылат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Каттамды кытайлык Loong Air авиакомпаниясы ишке ашырат. Учактар жумасына эки жолу: дүйшөмбү жана жума күндөрү абага көтөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий