• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мамкурулуш 2021-жылда 2,6 миң мамлекеттик квалификациялык сертификаттарын берди

Коом 0

Бишкек, 26.01.22. /Кабар/. Мамлекеттик курулуш агенттиктин жөнгө салуучу иш бөлүмү тарабынан 2021-жылдын ичинде курулуш тармагынын адистери үчүн 2 миң 618 мамлекеттик квалификациялык сертификаттарын берди. Бул тууралуу аталган агенттиктин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, регионалдык мааниси боюнча эң көп сертификаттарын Бишкек шаары боюнча – 1 534, Чүй – 185, Ош – 349, Жалал-Абад – 192, Ысык-Көл – 178, Нарын – 77, Талас – 72 жана Баткен боюнча адистер - 37 сертификат алышты.

"Бардык иштин түрлөрү боюнча долбоорчуларга– 752, излдѳѳчүлѳргѳ – 78, инжиниринг кызматы боюнча адистерге – 676, курулуш материалдарын жана конструкцияларды өндүрүү боюнча адистерге – 40, жана курулуш-монтаждоо иштери адистерге боюнча –1072 квалификациялык сертификаттары берилген", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 143 адиске компетентсиздикке байланыштуу сертификат берүүдөн баш тартылган.

Пикир

Оставить комментарий