• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги эки маршрутка катышкан жол кырсыгынын кесепетинен 18 адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 26.01.22. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте Элебесов жана Арал көчөлөрүнүн кесилишинде үч унаа катышкан жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 18 киши жабыркады.

“Кабар” агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жабыркагандардын арасында балдар жок.

Жеринде Бишкек шаарынын тез жардам кызматынын 6 бригадасы иш алып барган.

Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна тез жардамы кызматы менен 17 жабырлануучу, ал эми Улуттук госпиталга 1 жабырлануучу жеткирилген.

Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жандандыруу бөлүмүнө 2 адам жаткырылды, абалдары оор деп бааланууда.

Аталган борбордун хирургия жана нейротравматология бөлүмүнө ар кандай деңгээлдеги жаракаттар менен 4 жаран жаткырылды.

Ал эми 1 жабырлануучу Улуттук госпиталдын нейротравматология бөлүмүнө жаткырылды, абалы канааттандырарлык.

11 бейтап биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн соң амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий