• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Электр линиясынын бузулушунан улам Арча-Бешик менен Кант шаарында жарык өчүрүлдү

Коом 0

Бишкек, 17.11.20. /Кабар/. Бүгүн, 17-ноябрь күнү саат 06:15те электр линиясынын бузулушунан улам Арча-Бешик конушунда жана Кант шаарында жарык өчүрүлдү. Бул тууралуу “Түндүкэлектр” ААКсынан билдиришти.

“Түндүкэлектр” ишканасынан белгилешкендей, жарык Арча-Бешик конушунун айрым жерлеринде жана Кант шаарынын Меркулов жана Кыргызстандын 60 жылдыгы көчөлөрүндө өчүрүлгөн.

“Мүмкүнчүлүк болгон жерлерде энергетиктер абоненттерди электр энергиянын башка булактарына которушту. Аталган тилкелерде электр энергиясы кыска убакыттын ичинде калыбына келтирилет”, - деп билдирет ишкана.

“Түндүкэлектр” ишканасы оңдоо иштерине байланыштуу келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Пикир

Оставить комментарий