• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде эркек киши күйүк алып каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 17.11.20. /Кабар/. Баткенде эркек киши күйүк алып каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Кадамжай районундагы Шакшак айылында 2 бөлмөлү аянты 96 чарчы метр турак үйдүн жыгач устундуу шифер жабылган чатыры жана үй буюмдары толугу менен күйгөн.

Өрттүн кесепетинен 46 жаштагы эркек киши денесинен күйүк алып каза болгон. Маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий