• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Электр станциялары": Үч-Коргон ГЭСин тез арада модернизациялоо керек

Коом 0

Бишкек, 02.10.20. /Кабар/. Үч-Коргон ГЭСин тез арада модернизациялоо керек. Бул тууралуу "Электр станциялары" ЖЧКсы билдирет.

"Электр станциялары" билдиргендей, ГЭСтин №3 гидроагрегатында профилактикалык иштерди жүргүзүп жатканда дөӊгөлөктүн бир парасында бузук бар экендиги аныкталган. Параны калыбына келтирүүгө 2-3 жума керектелет. Азыркы учурда Үч-Коргон ГЭСинде 3 гидроагрегат иштеп жатат. Ал өлкөнүн энергия тутумунун жүгүнүн белгиленген режимин камсыз кылуу үчүн жетиштүү.

Учурда жумушчулар бузулган параны калыбына келтирүүгө киришкен.

"Паранын бузулушунун негизги себеби - гидроагрегаттын эскирип, такыр жешилип калышы саналат. Үч-Коргон ГЭСи 1961-жылы эксплуатацияга берилип, андан бери (дээрлик 60 жыл) модернизация жүргүзүлгөн эмес жана гидроагрегаттар алмаштырылган эмес. Ага байланыштуу Үч-Коргон ГЭСи реконструкциялоо жана модернизацияоо боюнча долбоорлорюду тез арада ишке ашыруу керек. Азыркы учурда долбоор боюнча каржылоо, консультантты жана буйрутма аткаруучу уюмду тандоо маселелери иштелип жатат", - деп билдирет "Электр станциялары".

Маалымат үчүн:

• ГЭСтин долбоордук белгиленген кубаттуулугу 180 МВт
• Агрегаттын жалгыз кубаттуулугу 45 МВт.

Пикир

Оставить комментарий