• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Электр станциялары" ишканасынын башкы директору Жолдошбек Ачикеев кызматтан кетти

Коом 0

Бишкек, 02.02.21. /Кабар/. "Электр станциялары" ААКнын башкы директору Жолдошбек Ачикеев өз каалоосу менен кызматтан кетти. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ачикеев өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазды. Компаниянын директорлор кеңеши тиешелүү чечим кабыл алып, 1-февралдан тартып Таалайбек Бектенов башкы директордун милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Жолдошбек Ачикеев башкы директордун кызматты 2020-жылдын 27-февралынан бери ээлеп келген.

Пикир

Оставить комментарий