• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Элнура Боронбаева Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун башчысы болду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 22.03.19. /Кабар/. Элнура Боронбаева Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун башчысы болуп дайындалды.

Аталган мекеменин басма сөз кызматы "Кабар" агенттигине билдиргендей, тийиштүү буйрукка 20-мартта кол коюлган.

Мындан мурда, ал облустар аралык Ош балдар ооруканасын жетектеп келген.

Ал 1972-жылы 8-февралда Ноокат районунда төрөлгөн.

1989-1997-жылдары И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын "Педиатрия" факультетинде окуган.

Пикир

Оставить комментарий