• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Эмгек министри Ысык-Көл облусунда социалдык кызматтардын сапатын текшерди

Коом 0

Бишкек, 20.06.22. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Ысык-Көл облусунда социалдык кызматтардын сапатын текшерди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, министр Каракол шаарынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлери менен социалдык кызматтардын сапатын жогорулатуу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Министрдин айтымында, айдын башына карата Ысык-Көл облусу боюнча 32 миң 279 адам жөлөкпул алат.

"Быйылкы жылга облусту социалдык камсыздоого 1 млрд 211 млн 628 миң 400 сом, анын ичинде социалдык төлөмдөргө - 1 млрд 97 млн 662 миң 900 сом каралган. Жыл башынан бери 522 млн сомдон ашык каражат каржыланган, анын ичинен жарандарга төлөмдөр 470 млн 846 миң 826 сомду түзгөн.

Биздин милдет – турмуштук оор кырдаалга туш болгон жарандарга төлөмдөрдү дайындоонун ачык - айкындуулугун жана өз убагында алууну камсыз кылуу", - деди ал.

Жолугушууда Базарбаев облус боюнча 6 миңден ашык аз камсыз болгон үй-бүлө же 20 миңден ашык бала "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алышаарын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий