• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Эмгек министринин орун басары БУУнун миграция маселелерине арналган форумунда сөз сүйлөдү

Коом 0

Бишкек, 19.05.22. /Кабар/. КР делегациясынын башчысы – эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдоолот Базарбаев БУУнун Нью-Йорк шаарындагы штаб-квартирасында эл аралык миграция маселелерин кароо боюнча форумдун ишине катышуунун алкагында билдирүү жасады.

Ведомстводон билдиргендей, Базарбаев Кыргызстан глобалдык келишимге расмий кошулган тарап экендигин белгиледи.

"Ошону менен бирге Кыргызстан миграциялык саясатын күчөтүү жана туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу боюнча зарыл аракеттерди жасап жатат, аларда Глобалдык келишимдин бардык 23 максаты жана милдеттери камтылган", - деди ал.

Делегациянын башчысы белгилегендей, Кыргызстандагы миграция - адамдын эркин жүрүүгө жана жашаган жерин тандоого конституциялык жактан бекитилген жеке укуктарын камсыз кылуучу объективдүү процесс деп айтты.

"Кыргызстан өлкөнүн ичинде, ошондой эле анын чегинен тышкары жерде жүргөн ар бир жаран үчүн татыктуу жашоо шарттарын жана анын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылууга умтулат.

КРнын миграциялык саясатынын негизги максаты миграцияны пайда кылган жана коштогон жагымсыз факторлорду жеңилдетүүгө багытталган мамлекеттик программаларды ишке ашыруу аркылуу миграциялык процесстерди турукташтыруу жана өлкөнүн миграциялык саясатынын концепциясынын алкагында миграциялык потенциалды максималдуу ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү болуп саналат", - деди Базарбаев.

Мындан тышкары, Кыргызстанда миграциялык процесстер дээрлик ар бир жаранга таасирин тийгизери, коопсуз, иреттүү жана мыйзамдуу миграцияны камсыз кылуу өлкөнүн артыкчылыктуу милдети экендиги баса белгиленди.

Делегация башчысы Кыргызстанда эмгек мигранттарынын квалификациясын жогорулатуу жана келген өлкөнүн миграциялык эрежелерин үйрөтүү үчүн чет өлкөлөрдө жарандарды ишке орноштуруу борбору түзүлгөндүгүн маалымдады.

Пикир

Оставить комментарий