• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте автокран менен жеңил унаа кагышып, эки адам жабыркады — видео

Кырсык 0


Бишкек, 20.05.22. /Кабар/. Бишкекте 20-майда саат 00:40тар чамасында автокран менен жеңил унаа кагышканын Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25 жаштагы Ж.Н. аттуу айдоочу А.Масалиев көчөсү менен чыгыш тарапты көздөй автокранды башкарып бара жатып Тыналиев көчөсүнөн солго бурулуп жатып карама-каршы багытта келе жаткан 24 жаштагы Б.М. аттуу айдоочунун башкаруусундагы “БМВ 530” үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн.

Натыйжада “БМВ 530” унаасындагы эки жаран жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Учурда эки унаа тең убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулуп, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Тергөө амалдары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий