• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эмгек министрлиги: 30 жаш кыргызстандык бизнес долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жабдууларды алды

Коом 0

Бишкек, 23.03.24. /Кабар/. 30 жаш кыргызстандык бизнес долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жабдууларды алды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Эмгек министрлиги «SOS Балдар Айылдары" коомдук фонду менен биргеликте "Кесиптик өнүгүү жана өз ара аракеттенүү " темасында форум өткөрдү.

«Жаштар үчүн VIBEs» долбоорунун алкагында Ысык-Көл, Кочкор, Аламүдүн жана Сокулук райондорунун пилоттук райондорунан социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөрдүн 100 жаш мүчөсү кесиптик жана турмуштук көндүмдөр боюнча окуудан өтүштү.

Курстарды аяктоонун жыйынтыгы боюнча өз региондорунда талап кылынган эң мыкты бизнес долбоорлорду даярдаган 30 жаш жаран жеңил өнөр жай жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө өздөрүнүн бизнес-стартаптарын ишке киргизүү үчүн жабдуулар жана инвентарь түрүндө гранттык жардам алышты.

Форумда жарманке уюштурулуп, анда катышуучулар өз продукцияларын тартуулап, өз ишмердүүлүгү боюнча мастер-класстарды өткөрүштү.

Ошондой эле бул иш-чарага ийгиликтүү бизнес эксперттер спикер катары чакырылып, ишкердик боюнча баалуу кеңештери, тажрыйбалары жана ийгилик окуялары менен бөлүштү.

Бул форумга Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, «SOS – Балдар Айылдары» КФнын өкүлдөрү, ATIK, ECD өнөктөштөрү, бизнес-эксперттер жана «VIBEs жаштар үчүн» долбоорунун пилоттук аймактардагы региондору (Ананьево айылы - Ысык-Көл району, Кум-Дөбө айылы - Кочкор району, Мирное айылы - Сокулук району жана Виноградное айылы - Аламүдүн району) катышты.

Белгилей кетсек, форумдун негизги максаты өнөктөштөр жана долбоордун катышуучулары үчүн кесиптик ишмердүүлүк жаатында тажрыйба, билим жана алдыңкы практикалар менен алмашуу үчүн платформаны уюштуруу болду.

Пикир

Оставить комментарий