• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда Орозо айтты белгилөөнүн так күнү маалым болду

Коом 0

Бишкек, 01.04.24. /Кабар/. Кыргызстанда 10-апрелде Орозо айт майрамы белгиленет. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынан (КМДБ) кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ислам шариятында Рамазан айынын башталуусу жана аяктоосу айдын жаңырышына карап аныкталат. Рамазан айы кээде 30 же 29 күн болот.

Орозо айт майрамы ыйык Рамазан айынын аякташын билдирет.

Белгилей кетсек, быйыл Кадыр түн 5нен 6-апрелге караган түнү белгиленет. Кыргызстанда Орозо айы 11-мартта башталган.

Пикир

Оставить комментарий