• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эмгек министрлиги: Сүлүктүдөгү карылар үйү 18 тонна көмүр менен камсыз болот

Аймак 0

Бишкек, 22.09.23. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Сүлүктүдөгү карылар үйүндөгү абал тууралуу төмөнкүлөрдү билдирет.

Ведомствонун маалыматына ылайык, социалдык мекеменин турак жайлары электр энергиясы менен жылытылат. Мончону жылытуу үчүн гана отун керек жана электр жарыгы жок болгон учурда тамак бышыруу үчүн колдонулат.

"Сүлүктү шаарынын мэриясы “Кара-Алтын Кен” ЖЧКсы менен 18 тонна көмүрдү алып келүү боюнча макулдашууга жетишкен. Жакынкы аралыкта карылар үйүнө көмүр жеткириле баштайт", - деп айтылат маалыматта.

Министрлик жалган маалымат тараткандыгы үчүн башкы эсепчи менен карылар үйүнүн директорунун жоопкерчилиги каралып, натыйжада экөө тең ээлеген кызматынан бошотулганын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий