• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Эмгек, социалдык камсыз кылуу жана миграция министри жумушчу кеңешме өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 10.11.21. /Кабар/. Бүгүн, 10-ноябрда Бишкек шаарында эмгек, социалдык камсыз кылуу жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарындагы жана Бишкек шаарындагы аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилеринин катышуусунда жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Жыйында КР президенти Садыр Жапаровдун Жарлыгы, ошондой эле Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруу боюнча чаралар талкууланды. Мындан тышкары министр К.Базарбаев КР министрлер кабинетинин регламентине өзгөртүүлөр киргизилгенин, муну менен катар министрликтин, ошондой эле аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрдүн жоопкерчилигин күчөтүү керектигин билдирди.

Ошондой эле, министрликтин системасынын иши да, иш механизми да, чечимдерди кабыл алуу принциптери да жаңыланып, ал үчүн ар бир жетекчи жоопкерчилик алуусу керектигин айтты.

«Убакыт бир орунда турбайт, - дейт К.Базарбаев, - күн сайын чукул чечимдерди кабыл алуу, жарандарга кызмат көрсөтүү зарыл болгон жагдайлар заман агымы менен кадам таштоодо.

Биздин негизги милдетибиз – мамлекет кепилдеген бардык социалдык милдеттенмелерди толук аткаруу, калктын жашоо деңгээлин көтөрүү жана муктаж болгон жарандардын абалын жакшыртуу», -деп белгиледи.

Ошол эле учурда калкка ачык-айкын жана өз убагында кызмат көрсөтүү максатында министрликтин системасын толук санариптештирүү боюнча олуттуу иштер аткарылып жатканын белгиледи.

Айыл жериндеги аз камсыз болгон жөлөкпул алуучулардын абалын жакшыртуу үчүн социалдык паспортторду киргизүү милдети коюлган. Министр бул багыттагы иштерди күчөтүү керектигин, жөлөкпулдарды дайындоонун даректүүлүгүнө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

Министр ошондой эле коррупциянын бардык түрлөрүн болтурбоо жана кызмат көрсөтүүлөрдүн ачык-айкындуулугу үчүн министрлик МСЭК системасын толугу менен санариптештирүү керектигин билдирди.

Жыйында “2015-2020-жылдар аралыгында балдардын жана чоңдордун майыптуулук деңгээлине социалдык-медициналык факторлордун таасири” деген темадагы изилдөөнүн жыйынтыктары талкууланды. Жарандардын майыптыгын күбөлөндүрүү көйгөйлөрү, ички көйгөйлөр, ошондой эле ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү маселелери айтылды.

Мындан тышкары, республикада болуп жаткан шайлоо алдындагы иштерди эске алып, министр аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилерине мамлекеттик кызматкерлер үгүт иштерине катышпоосу керектигин эскертти.

Пикир

Оставить комментарий