• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өнөр жай жана энергетика комитети Бишкек ЖЭБиндеги окуянын себебин айтып берди

Коом 0

Бишкек, 02.11.20. /Кабар/. Өнөр жай, энергетика жана жер казыналарын пайдалануу мамлекеттик комитетинин башчысы Жыргалбек Сагынбаев Бишкек ЖЭБинде болгон окуянын себептерин айтып берди.

Сагынбаев журналисттерге билдиргендей жылуулук борборунда автоматтык система иштеп кетип, андан кийин буу чыккан.

“Бишкек ЖЭБинде болгон окуянын себеби – кабелдин үзүлүшү. Монтаж жасаган жооптуу компаниялар кабелди текшеришип, мүчүлүштүктөр жоюлду. ЖЭБ күз-кыш мезгилине даяр”, - деди ал.

Сагынбаевдин айтымында, ЖЭБде авария болгон эмес. Болгону кабель үзүлгөн.

“Анын айынан авариялык өчүрүү болгон”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий