• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эмилбек Абдыкадыров Октябрь районунун тургундары менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 29.06.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Октябрь районунун тургундары менен жолугушту.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мэр райондун тургундарына быйылкы жылы аткарылган жана пландалган иштер тууралуу маалымат берди. Андан соң шаардыктар өздөрүнүн суроолорун, сунуштарын айтышты.

Райондун турмушуна өзгөчө көңүл бурулуп, ирригация, тротуарларды калыбына келтирүү, жашылдандыруу маселелери көтөрүлдү.

Мындан тышкары, шаардыктар социалдык объектилерди кайтарып берүү сыяктуу маселелерди көтөрүштү, анткени бүгүнкү күндө бала бакчалардын жетишсиздиги жана жаңы көп кабаттуу үйлөрдү куруу маселеси курч турат. Ошондой эле футбол аянтчаларын куруу боюнча суроолор да айтылды.

Бардык суроолор жана сунуштар протоколго түшүрүлүп, мэр ошондой эле шаардыктар тарабынан айтылган бардык иштерди тез арада чечүүнү тапшырды.

Шаар мэри бардык берилген суроолорго жооп берип, бардык тармактарда иш активдүү жүрүп жатканын, борбор калаада жашылдандыруу иштери кызуу жүрүп жатканын айтып, жаңы көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу боюнча суроого жеке өзү текшерип, бир дагы мыйзамсыз объектиге кол койбогондугун билдирди.

Белгилей кетсек, жыйынга ошондой эле Бишкек шаарынын мэринин орун басарлары, борбор калаанын мэриясынын шаардык кызматтарынын жана муниципалдык ишканаларынын жетекчилери, Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев, укук коргоо органдарынын жана жарандык коргонуу кызматтарынын өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий