• 88.68
  • 95
  • 0.95

ӨКМ: Өлкө аймагында эки өспүрүм сууга чөктү

Коом 0

Бишкек, 29.06.23. /Кабар/. Өлкө аймагында эки өспүрүм сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, алардын бири 27-июнь күнү саат 22:25 чамасында Кадамжай шаарындагы Ак-Суу дарыясына 2015-жылы Д.А. аттуу бала түшүп кеткен. Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө 13 куткаруучу, Ички иштер министрлигинен 25 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 30 киши тартылган. Куткаруучулар тарабынан саат 08:30та баланын сөөгү суудан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.

Дагы бири Ысык-Ата районунун Нижне-Серофимовка айылында Нооруз каналына 2011-жылы туулган К.А. аттуу жаш кыз түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жерине 4 куткаруучу жана жергиликтүү тургундар тартылган. Куткаруу иштеринин жүрүшүндө кыздын сөөгү табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий