• 88.68
  • 95
  • 0.95

Омсктагы ЖОЖдордун бюджеттик орундарына абитуриенттерди кабыл алуу жарыяланды

Билим 0

Бишкек, 29.06.23. /Кабар/. Россиянын Омск шаарындагы жогорку окуу жайларынын мамлекеттик бюджеттик орундарына абитуриенттерди кабыл алуу жарыяланды. Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Омск шаарындагы ЖОЖдордун көчмө кабыл алуу комиссиясы 3-июлдан 8-июлга чейин Бишкек жана Ош шаарларындагы мектептердин бүтүрүүчүлөрү жана алардын ата-энелери менен жолугушат.

Анда комиссиянын өкүлдөрү адистиктер жөнүндө маалымат берилип, кабыл алуу үчүн документтерди чогултуу, кирүү экзамендерин өткөрүү жана төмөнкү ЖОЖдордо бюджеттик орундарды тандоо боюнча айтып беришет:

- П.А. Столыпин атындагы Омск мамлекеттик агрардык университети;

- Омск мамлекеттик байланыштар (транспорт) университети;

- Россия Федерациясынын Саламаттык сактоо министрлигинин Омск мамлекеттик медициналык университети;

- Омск мамлекеттик педагогикалык университети;

- Сибирь мамлекеттик автомобиль жана жол университети;

- Омск мамлекеттик техникалык университети;

- Сибирь бизнес жана маалыматтык технологиялар институту.

Омск шаарынын жогорку окуу жайларына кабыл алууга байланышкан бардык суроолор боюнча Кыргызстандын Омск шаарындагы Ардактуу консулу Нурсултан Исабек уулуна +79136341799 телефон номери, же Telegram каналы аркылуу кайрылсаңыз болот.

Кененирээк маалымат алуу үчүн бул шилтемеге кириңиз.

Пикир

Оставить комментарий