• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жаманкулов: Тоо лыжа сезону расмий түрдө эмки жумада ачылат

Коом 0

Бишкек, 14.12.18. /Салтанат Абдраева – Кабар/. Тоо лыжа сезонунун расмий ачылышы эмки жумада болжол менен 22-декабрда өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Анын айтуусунда, кышкы лыжа сезонунун ачуу аземи Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусу менен өтөт.

"Бул иш-чара Чүй облусунун кайсыл тоо лыжа базаларында өтөөрү так чечиле элек. Планда эки тоо лыжа базасы бар, анын ичинен бирөө тандалат", - деп билдирди Жаманкулов.

Эске салсак, Кыргызстанда 23 тоо лыжа базасы бар. Заманбап тоо лыжа базалары негизинен, Чүй жана Ысык-Көл облустарында жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий