• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тогуз-Тородогу башаламандыктардын зыяны болжол менен 2,3 млн долларды түздү

Коом 0

Бишкек, 23.05.18. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Казарман айылында «Джи Эл Макмал Девелопинг» ЖЧКсынын алтын өндүрүүчү фабрикасынын аймагында болгон башаламандыктардын зыяны болжол менен 2,3 млн долларды түздү. Бул тууралуу «Джи Эл Макмал Девелопинг» ЖЧКсынын жетекчилиги Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов менен болгон жолугушууда билдирди.

Жолугушуу учурунда тараптар 2018-жылдын 11-апрелинде Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Казарман айылында «Джи Эл Макмал Девелопинг» ЖЧКсынын алтын өндүрүүчү фабрикасынын аймагында болгон өрттөө окуяларын талкуулашты.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов окуяны тергөөнүн жыйынтыктарын күтүп, башаламандыктардын уюштуруучуларын аныктоо зарылдыгын баса көрсөттү.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча «Джи Эл Макмал Девелопинг» компаниясынынөкүлдөрү мындан ары да Кыргыз Республикасына инвестицияларды тартууга ниеттенишерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий