• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эне-баланы коргоо улуттук борборунун директору Узакбаев кызматынан бошотулду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 03.05.21. /Кабар/. Эне-баланы коргоо улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул маалыматты Саламаттык сактоо министрлигинен тастыкташты.

Ведомствонун маалыматы боюнча, ал министрдин көрсөтмөсү боюнча кызматынан бошотулду.

Анын ордуна Гүлзат Маймерова балдар ооруканасынын башчысы болуп дайындалды.

Эскерте кетсек, ТИМ кызматкери Бактияр Шакиров 1-апрелде Эне-баланы коргоо улуттук борборунда медайым ага асма укол сайгандан кийин каза болгон. Ал өзүн жаман сезип, биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөнүнө карабай эсин жоготуп, андан кийин ошол жерде каза болгон. Белгилүү болгондой каза болгон кызматкер аталган ооруканага өзүнүн дары-дармегин көтөрүп, укол алуу үчүн келген.

Натыйжада саламаттык сактоо министри Эне-баланы коргоо улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаевди, башкы дарыгерди, бөлүм башчыны жана медайымды убактылуу иштен четтеткен.

Соттук-медициналык экспертиза Бактияр Шакировдун өлүмү коронардык артериялардын айкын атеросклерозунунун натыйжасында пайда болгон курч жүрөк-кан тамыр жетишсиздигинен келип чыккандыгын аныктады.

Пикир

Оставить комментарий