• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 02.10.18. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Тиешелүү буйрукка борбордун мэри Азиз Суракматов кол койду.

“Бишкек жашылдандыруу чарбасы” муниципалдык ишканасынын директору болуп Элнура Шаршенбиева дайындалды. Ал буга чейин ишкананын башкы агроному кызматын ээлеген. Мурдагы жетекчи өз каалоосу менен кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазган.

Ал эми Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы болуп Уланбек Азыгалиев дайындалды. Ал буга чейин Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун директору кызматын ээлеген.

Пикир

Оставить комментарий