• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Энергетика министри Бишкекте күз-кыш мезгилине даярдык иштери менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 14.06.23. /Кабар/. Кечээ, 13-июнда энергетика министри Таалайбек Ибраев "Бишкекжылуулуктармагы" ишканасынын 2023-2024-жылдагы күз-кыш мезгилине карата даярдыгы, жылуулук тармактарын реконструкциялоо жана жаңы объекттердин курулуш иштери менен таанышты.

Ведомстводон билдиришкендей, алгач министр С.Каралаев көчөсүндөгү жылуулук тармактын реконструкциялоо иштерине көз чаптырды. Учурда ал жерде "Бишкекжылуулуктармагы" ишканасы өз каражатынын эсебинен диаметри 400 мм эски түтүктөрдү 500 мм түтүктөргө алмаштырылууда.

Быйыл "Бишкекжылуулуктармагы" эки участокто: С.Каралаев жана Т.Абдымомунов көчөлөрүнүн боюндагы жылуулук тармактын түтүктөрүн куруу жана реконструкциялоо иштерин жүргүзүүдө. Бул иштердин натыйжасында жалпы суммасы 61,9 млн сомго ар кандай диаметрдеги 526 метр жылуулук тармактары жаңыланат.

Андан кийин министр Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган "Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу" долбоорунун алкагында капиталдык курулуш иштери жүргүзүлүп жаткан "7-апрель" көчөсүндөгү жылуулук тармагынын бөлүгүнө барды. Анда "Чыгыш" магистралдык жылуулук тармагынын реконструкциялоонун жүрүшүндө 1,3,4 ишке киргизүүчү комплекстерин камтыган 2326 метр узундуктагы түтүкчөлөр жаңыланат.

Долбоордун алкагында ошондой эле түтүктөрдүн диаметрин 700 ммден 900 ммге чейин көбөйтүү менен узундугу 1070 метр болгон жаңы жылуулук тармагын куруу пландалууда.

Долбоорду China Road and Bridge Corporation, Shandong Junhui Construction Group Co жана "Технотоп" ЖЧК консорциуму ишке ашырат.

Жаңы жылуулук тармагы бир нече этап менен ишке ашырылат. Жылуулук механикалык бөлүгү 2023-жылдын 30-сентябрына чейин бүткөрүлөт, ал эми долбоор 2023-жылдын декабрында толук бүткөрүү күтүлүүдө.

Министр күз-кыш мезгилине даярдыкты өз убагында бүткөрүү керек экендигин эскертип, тиешелүү адистерге тапшырма берди.

"Азыр жай мезгили деп аталганы менен убакыт тез өтөт, күз-кыш мезгили тез эле кирип келет. Кышка даярдык иштери сапаттуу жана өз убагында аткарылышы керек. Жетекчилер күнүгө жумушчуларды көзөмөлгө алып, жасалып жаткан ишти тез арада бүткөргүлө. Быйыл кыш кандай болоору азырынча белгисиз, бирок былтыркыдай күтүүсүз катуу сууктун алдын алып, быйыл даярдыкты сапаттуу аткаргыла" - деди министр Ибраев.

Пикир

Оставить комментарий