• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Энергетика министрлиги: Чакан ГЭСтерден электр энергиясы сатып алына баштады

Экономика 0

Бишкек, 25.06.21. /Кабар/. Чакан ГЭСтерден электр энергиясы сатып алына баштады. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 23-июнунда президент Садыр Жапаров бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда Энергетика жана өнөр жай министрлигине чакан ГЭСтерден электр энергиясын сатып алуу маселесин эки күндүн ичинде чечүү тапшырмасын берген. Бул маселени ишкер Рахатбек Ирсалиев көтөргөн.

Министрликтин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, бул тапшырманы ишке ашыруунун үчүн Энергетика жана өнөр жай министрлигинде энергетикалык компаниялардын, мамлекеттик Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу агенттигинин жетекчилиги ишкер Рахатбек Ирсалиев жана "Импекс Трейд" ЖЧКсынын (Сокулук ГЭС2) өкүлү менен жолугуп, анда Чакан ГЭСтердин иши боюнча маселе талкууланган.

Жолугушуунун жыйынтыгында «Чыгышэлектр» ААК менен «Ак-Терек ГЭС» ЖЧКсынын, «Ала-Баш ГЭС» ЖЧКсынын, «Тоң ГЭСи» ЖЧКсынын ортосунда электр энерегиясын сатып алуу жөнүндө келишим түзүлдү.

Муну менен катар «Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча долбоорду демилгелөө чечими кабыл алынды.

Ошондой эле «Түндүк электр» ААК менен «Импекс Трейд» ЖЧКнын жана Энергетика жана өнөр жай министрлиги менен «Импекс Трейд» ЖЧКнын ортосунда чакан гидроэлектростанция курууну ашыруу жөнүндө келишимге кол коюлду.

«2021-жылдын 4-мартында Энергетика жана өнөр жай министрлиги менен «Ак-Терек ГЭС» ЖЧКнын, «Ала-Баш ГЭС» ЖЧКнын, «Тоң ГЭС» ЖЧКнын ортосунда долбоорлорду ишке жөнүндө макулдашууларга кол коюлду», - деп кошумчалашты ведомствонун басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий