• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстан француз компанияларынын инвестициялык активдүүлүгүн кубаттайт

Экономика 0

Бишкек, 25.03.23. /Кабар/. Кыргызстан француз компанияларынын инвестициялык активдүүлүгүн кубаттайт. Бул тууралуу Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз Франциянын эң ири EDF энергетикалык компаниясынын КМШ өлкөлөрү жана Россия боюнча өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Лоран Паганон менен болгон жолугушууда билдирди.

КР ТИМден кабарлашкандай, жолугушуу кыргыз тараптын демилгеси менен 24-мартта Париж шаарында өткөн. Жолугушуунун башкы максаты туруктуу байланышты сактоо жана Кыргызстандын энергетика тармагына түз чет элдик инвестицияларды тартуу болуп саналат.

Жолугушууда элчи Садык Шер-Нияз глобалдык жылуулукка байланыштуу дүйнөдө болуп жаткан кырдаалды эске алуу менен Кыргызстан экологиялык жактан таза энергия булактарына өтүү саясатынын алкагында жаңы ГЭСтерди куруу боюнча бир катар ири долбоорлорду ишке ашырууну, анын ичинде ар биринин кубаттуулугу 1800 МВт болгон Камбар-Ата-1 жана Чаткал ГЭСтерин курууну пландап жатканын маалымдады.

Буга байланыштуу Кыргызстандын элчиси бул стратегиялык маанидеги объектилердин курулушуна эң ири EDF энергетикалык компаниясынын кызыгуусуна канааттануусун билдирип, Кыргызстан француз компанияларынын инвестициялык активдүүлүгүн кубаттай турганын белгиледи. Кыргызстан да өлкөнүн улуттук экономикасын өнүктүрүү үчүн Франциядан алдыңкы технологияларды жана инновацияларды тартууга кызыкдар.

"Бул үчүн өлкөбүздө жагымдуу инвестициялык климат түзүлдү жана зарыл болгон учурда өлкө энергетика тармагына мүнөздүү кошумча шарттарды түзүүгө даяр", - деп айтылат маалыматта.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы энергетика тармагындагы кызматташтыкты мындан ары өркүндөтүү боюнча биргелешкен аракеттерди улантууга даяр экендиктерин ырасташты.

Пикир

Оставить комментарий