• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте энергетика кызматкерлери күз-кыш мезгилине даярдык көрүү маселелерин талкуулашты

Коом 0

Бишкек, 08.09.21. /Кабар/. Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Таалайбек Ибраевдин төрагалыгы алдында 2021-2022-жылдын жылытуу мезгилине отун-энергетикалык ишканалардын даярдыгы боюнча штабдын жыйыны өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, отурумга республиканын отун-энергетикалык ишканаларынын жетекчилери дагы катышты.

Жыйында энергокомпаниялардын 2021-жылдын 8 айындагы ишмердүүлүгү жана 2021-2022-жылдагы жылытуу мезгилине даярдык маселеси каралды.

Жыйындын соңунда Энергетика жана өнөр жай министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүнө 2021-жылдын 9-апрелиндеги №137 токтомдун аткарылышына мониторинг жүргүзүүнү улантуу тапшырмасы берилди.

- «Токтогул ГЭСин реаблитациялоо» долбоорунун 2чи фазасынын алкагында гидроагрегаттарды алмаштыруу боюнча иштерди тыкыр көзөмөлгө алуу;

- «CASA-1000», «Ат-башы ГЭСин реконструкциялоо», «Уч-Коргон ГЭСин модернизациялоо» жана башка инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну көзөмөлгө алуу.

Мындан тышкары, «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасына жана башка көмүр казуучу ишканаларга төмөнкү милдеттерди аткаруу керектиги эскертилди:

- 2021-2022-жылдагы жылытуу мезгилине даярдык көрүү максатында Бишек ЖЭБине көмүрдү белгиленген графикте жана өлчөмдө жеткирүүнү камсыз кылуу;

- Жылытуу мезгилине чейин бюджеттик мекемелерди жана калкты жетиштүү көлөмдөгү көмүр мене камсыз кылуу;

«Кыргызнефтегаз» ААКга:

- Ош шаарындагы ЖЭБди мазут менен белгиленген өлчөмдө жана графикте камсыз кылуу.

«Улуттук энергетикалык холдинг компаниясына» төмөнкү сунуштар берилди:

- Токтогул суу сактагычындагы сууну үнөмдүү колдонуу жана элект энрегиясынын керектөө лимитин сактоо;

- Авариялык өчүрүүлөрдүн алдын алуу үчүн капиталдык оңдоо жана жабдууларды модернизациялоо иштеринин аткарылышын камсыз кылуу;

- Дебютордук карзыдарды чогултуу;

- 2021-жылга бекетилген негизги техникалык-экономикалык көрсөткүчтү аткарууну камсыз кылуу;

- Электр энергиясын үнөмдөо боюнча калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана сарамжалдуу колдонуу боюнча иш чараларды кабыл алуу;

- «Электр станциялар» жана «Кыргызстан УЭТ» ААКтарына 2022-жылы кошумча электр энергиясын импорттоо маселесин карап чыгуу.

Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Энергетикалык, өнөр жай жана тоо кен көзөмөлү боюнча мамлекеттик инспекцияга төмөнкү тапшырмалар берилди:

- Авариялык өчүрүүлөрдү азайтуу жана алдын алуу, ошондой эле өчүрүүлөр боюнча анализ жүргүзүү үчүн тийиштүү иш чараларды аткаруу тапшырмасы берилди.

«Газпром Кыргызстан» ЖЧКга төмөнкү сунуш берилди:

- 2021-жылдын Инвестициялык программасынын алкагында социалдык обьектилерди газдаштыруу боюнча иштерди жүргүзүүнү улантуу.

Пикир

Оставить комментарий