• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эркин күрөш: Арсалан Будажапов Азия чемпиону болду

Спорт 0

Бишкек, 22.02.20./ Кабар/. Эркин күрөш боюнча Индияда өтүп жаткан Азия биринчилигинде кыргызстандык балбан Арсалан Будажапов алтын алды.

Будажапов 79 килограмм салмакта күрөшкөн. Финалда ал индиялык Балиян Гоурав менен күрөшүп, аны 7:5 эсебинде жеңип чыкты.

Кыргызстандык балбан жарышты чейрек финалдан баштап, анда казакстандык балбан Галымжан Усербаевди (4:2) жеңген. Андан кийин жарым финалда ирандык Али Бахтияр Савадкухини 3:1 эсебинде жеңип чыккан.

Эскертке кетсек, Нью-Делиде (Индия) өтүп жаткан күрөш боюнча Азия биринчилиги 18-23-февраль күнү болуп өтөт.

Пикир

Оставить комментарий