• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эрмитаж Путиндин тамашасына жооп кылды

Дүйнө 0

Бишкек, 10.01.19. /Кабар/. Россиянын Мамлекеттик Эрмитаж музейи президент Владимир Путиндин "7-январда Эрмитажга кире алган жокмун" деген тамашасына билдирүү жасады. Бул тууралуу tass.ru жазат.

Музейдин расмий сайтында маалымдалгандай, президент дем алыш күнү эрежени бузбаш үчүн музейге келүүдөн баш тарткан. Бирок музей анын Эрмитажга келерин билдиргенинде эле экскурсия жүргүзүү үчүн даярдыктарды көргөн.

Белгилей кетсек, Путин шейшемби күнү Владивосток, Калининград жана Севастополда маданий-билим берүү жана музей комплекстерин түзүү боюнча кеңешме өткөрүп жатып, биринчи күнү (7-январда) музейге барайын деп, ал жабык болгондуктан кире албаганын айткан.

Эскерте кетсек, Эрмитаж үчүн биринчи күн дем алыш болуп, музей ал күнү иштебейт.

Эрмитаж - Санкт-Петербургда орун алган дүйнөдөгү ири көркөм, маданий-тарыхий музейлердин бири. Ал 1764-жылы түптөлгөн.

Пикир

Оставить комментарий