• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Эртең Бишкекте №8 жана №9 троллейбустар каттамга чыкпайт

Коом 0

Бишкек, 27.04.21. /Кабар/. Эртең, 28-апрелде Бишкекте №8 жана №9 троллейбустар каттамга чыкпайт. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, “Бишкек жылуулук тармагы” ишканасы тарабынан Жаш Гвардия менен Бөкөнбаев көчөсүнөн Л.Толстой көчөсүнө чейинки жерлерде оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Мындан улам эртең саат 09:00дөн 16:00гө чейин №8 жана №9 троллейбустук каттамга электр энергиясынын берилиши токтотулат.

Бирок саат 06:00дөн 09:00гө чейин жана 16:00дөн 22:00гө чейин бардык троллейбустар, анын ичинде №8 жана №9 троллейбус каттамга чыгат.

Пикир

Оставить комментарий