• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

21-сентябрда Бишкекте айрым аймактарда ичүүчү суу өчүрүлөт (тизме)

Коом 0

Бишкек, 20.09.17 /Кабар/. Эртең, 21-сентябрда саат 9:00дөн кечки саат 17:00 чейин Бишкектин айрым райондорунда ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суу берүү: Достоевский, М.Горький, Ауэзов көчөлөрүндө жана темир жол линиясында, “Алтын-Ордо”, жана “Кара-Жыгач” конуштарында, Кыргыз-Түрк “Ата-Түрк” университетинде, “Реемства” ААК, №18 лицей, “Сулуутор” кондониуму, “Алтын Ажыдаар” ЖЧК, “ОсОО №1” ЖЧК, Виноградный көчөсү аркылуу, 1, БУПП-3, “СЭМ” компаниясы, “Ыссык-Нан” ЖЧК, “Ак-Жолтой” АК, “Аман-Жол” АК, ПТУ №93, “Кыргызэнергоремонт” АК, “Аю Грант Комфорт” соода-борбору, Физиология институту, Унаа жыйноочу завод, Республикалык ГАИ, “Антибиотики” ААК, “Торты ит Зины” АК, Виноградный көчөсү аркылуу жайгашкан шаардык муз аянтчасы, Исакеев-Ауэзов көчөлөрү аркылуу жайгашкан сүт ишканасы, “Мабелла” ЖЧК, №2 калкты тейлөө борборунда ичүүсү сууга чектөө киргизилет.

“Бишкексууканал” башкармалыгы шаар тургундарынан ыңгайсыздык жаратканы үчүн кечирим сурайт жана элдерди, мекеме-уюмдарды ичүүчү суу камдап алууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий