• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин 12-кичи районунда жылуулук берүү үзгүлтүккө учураган

Коом 0


Бишкек, 07.12.22. /Кабар/. Бишкектеги 12-кичи райондо бүгүн түн ичинде жылуулук түтүгүндө жарылуу болгон.

Агенттикке "Бишкекжылуулуктармагы" ишканасынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бүгүн авариянын кесепетин калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт.

"Бүгүн, 7-декабрь, саат 03:00гө карата 12-кичи райондун тургундарына жылуулук жана ысык суу берүү иштери аяктаган. Ошондой эле аба ырайын эске алуу менен бүгүн да жеринде авариянын кесепетин толугу менен калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий