• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жаркынбек Касымбеков саламаттык сактоо министринин орун басарлыгынан бошотулду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 07.12.22. /Кабар/. Жаркынбек Касымбеков саламаттык сактоо министринин орун басарлыгынан бошотулду. Маалыматты "Кабар" агенттигине Касымбеков өзү тастыктады.

Ал кызматтан кетишинин себебин ачыктаган жок жана өлкө жетекчилигинин чечими талкууланбай тургандыгын айтты.

Эске сала кетсек, Жаркынбек Касымбеков министрдин орун басары болуп 2022-жылдын июнунда дайындалган. Ошондой эле буга чейин Алымкадыр Бейшеналиевдин ордуна саламаттык сактоо министринин милдетин убактылуу аткаруу Жаркынбек Касымбековго жүктөлгөн.

Пикир

Оставить комментарий