• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Эртең Бишкекте кросс боюнча өлкөнүн ачык чемпионаты өтөт

Спорт 0

Бишкек, 07.10.22. /Кабар/. Эртең, 8-октябрда Бишкекте кросс боюнча өлкөнүн ачык чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш Кара-Жыгач сейил багында өтүп, ага жети облустан келген спортчулар катышат.

Катышуучулар төмөнкү ылдамдык боюнча чуркашат:

  • 12-13 жаштагы кыздар — 1 чакырымга;
  • 12-13 жаштагы балдар — 1 чакырымга;
  • 14-15 жаштагы кыздар — 1 чакырымга;
  • 14-15 жаштагы балдар — 1 чакырымга;
  • 16-17 жаштагы кыздар — 2 чакырымга;
  • 16-17 жаштагы балдар — 2 чакырымга;
  • 18-19 жаштагылар — 3 чакырымга;
  • 18-19 жаштагылар — 6 чакырымга;
  • 20 жаштагы кыздар — 6 чакырымга;
  • 20 жаштагы жигиттер — 8 чакырымга чуркашат.

Пикир

Оставить комментарий