• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эртең Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу жок болот (тизме)

Коом 0

Бишкек, 05.06.18. /Кабар/. Эртең, 6-июнда Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу жок болот,-деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

"Бишкексууканалы" ишканасынын билдиргенине караганда, 6-июнда саат 9:00дөн кечки саат 17:00гө чейин Тунгуч кичи району жана “Рухий-Мурас” жаңы конушунда таза суу убактылуу жок болот.

“Бишкексууканал” башкармалыгы ыӊгайсыздык келтиргендиги үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана алдын ала таза суу камдап алууларын суранат.

Пикир

Оставить комментарий