• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Эртең Бишкектин айрым аймактарында суу берүү токтотулат

Коом 0

Бишкек, 27.10.21. /Кабар/. Эртең Бишкек шаарынын айрым аймактарында суу берүү токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 28-октябрь күнү саат 9:00дөн 17:00гө чейин 7-Апрель, Горький, Достоевский көчөлөрү жана темир жол линиясы менен чектелген аймакта суу болбойт.

Сууну өчүрүү«НВО» суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу болот.

“Суу менен камсыздоо турак үйлөрдө, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттык сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерде токтотулат”, - деп айтылат билдирүүдө.

Бишкек мэриясы жарандардан келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт.

Пикир

Оставить комментарий