• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

Коом 0

Бишкек, 20.02.24. /Кабар/. Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

Муниципалитеттен билдиришкендей, эртең, 21-февралда саат 10:00дөн 18:00гө чейин Жайыл Баатыр көчөсү - Арча-Бешик көчөсү - Куюкова көчөсү – Муромский көчөсү – Ахунбаев көчөсү – Садырбаев көчөсү менен чектешкен аймакта суу берүу токтотулат.

Ичүүчү суу Шералиев көчөсүндөгү диаметри 200 мм болгон суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлмөкчү.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.

Пикир

Оставить комментарий