• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Аскар Акаев мурдагы журт башчылары жана Садыр Жапаров менен жолугушуусу боюнча үн катты

Коом 0

Бишкек, 20.02.23. /Кабар/. Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев мурдагы журт башчылары жана президент Садыр Жапаров менен жолугушуусу боюнча үн катты. Ал жолугушууну тарыхый окуя деп атады.

“Чындыгында, бул тарыхый, улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун сөзү менен айтканда, “Кылым карытар бир күн!” окуясы болду. Бул жолугушуунун түздөн-түз катышуучусу катары мен үчүн бул элдин жогорку кызыкчылыгына жана кыргыз мамлекеттүүлүгүн чыңдоого негизделип ишке ашырылгандыгы ачык көрүнүп турат. Муну менен Садыр Жапаров балким өзүнөн мурункуларга болгон нааразычылыгын жоюу менен өзүнүн саясий даанышмандыгын, адамдык берешендигин көрсөттү”, - деди Акаев.

Ал ошондой эле Садыр Жапаровдун жана анын командасынын акыркы эки жыл аралыгындагы бардык тармактарда, анын ичинде мамлекеттик жана коомдук, ички жана тышкы саясаттагы олутту ийгиликтерге жетишкенине басым жасаган.

"Бүгүнкү күндө Кыргызстанда өлкө үчүн өтө зарыл болгон экономикалык жылышка жана андан ары динамикалык туруктуу өсүүгө өбөлгө түзгөн кырдаал түзүлдү – бул элдин жыргалчылыгын кескин жогорулатуунун негизи. Албетте, мамлекеттүүлүктү чыңдоо, эл арасындагы биримдикти, ынтымакты бекемдөө өлкө президентинин түздөн-түз жана негизги конституциялык милдети. Бул милдетти иш жүзүндө толук ишке ашыра баштаганы кубандырат. Жеке мен бул демилгени колдоп, кесиптештеримди Кыргызстандын бакубат келечеги үчүн, кыргыз коомундагы стабилдүүлүктү бекемдөө үчүн макул болууга жана колдоого чакырдым", - деп кошумчалады Акаев.

Учурдан пайдаланып, ал Кыргызстандын элин ынтымакка, эл шайлаган президент Садыр Жапаровдун тегерегине биригүүгө чакырып, учурдагы ыңгайлуу кырдаалды экономикалык жактан гүлдөп өнүккөн Кыргызстанды куруу үчүн колдонууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий