• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандан Өзбекстанга малды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет көргөндөр кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.02.23. /Кабар/. Кыргызстандан Өзбекстанга малды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет көргөндөр кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткендин Кадамжай районунун Чоң-Каражантак тилкесинде 19-февралда чек ара кызматы Hyundai Porter унаасынын башкаруусундагы 31 жаштагы К.А. аттуу айдоочу жана 32 жаштагы Н.Д. аттуу жаран кармалган.

Унааны текшерүүдө жети баш бука жана төрт баш кой табылган. Ал эми 20-февралда ошол эле жерде 35 жаштагы А.А. аттуу жарандын башкаруусундагы Hyundai Porter унаасы токтотулуп, унаадан беш баш бука табылган.

Жогорудагы жарандар малды Кыргызстандан Өзбекстанга мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган. Документтер толтурулгандан кийин кармалган жарандар жана мал тиешелүү органдарга өткөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий