• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эртең "Коопсуз шаардын" 19 камерасы иштей баштайт – тизме

Коом 0

Бишкек. 25.04.19 /Кабар/. Чүй облусунда 26-апрелден тарта “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында дагы 19 камера ишке киргизилет. Бул тууралуу Маалымат технологиялары жана байланыш мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мамлекеттик келишим боюнча “Коопсуз шаар” долбоорунун биринчи этабында 110 аппараттык-программалык комплекстер (АПК) орнотулат. Бишкекте – 42, Чүй облусу боюнча 48 жана 20 көчмө АПК.

Долбоор алкагында баардык көчмө камералар толугу менен ишке кирген. Калган 28 АПК ишке киргизүү боюнча чаралар көрүлүүдө.

Камералар кийинки даректер боюнча орнотулат:

  • 9 км, Пригородное айылы, Май куючу жай;
  • 10,2 км, Достук айылына карай бурулуш;
  • 13 км, Путепровод;
  • 14,5 км, Ак-Жол айылы орто мектептин жанында;
  • 22,5 км, Манас айылынын борборунда;
  • 23 км, Манас айылы, Ак-Жол май куючу жайы;
  • 27 км, Ак.Жол май куючу жайы;
  • 30 км, “Манас” аэропорту;
  • 11,5 км, Ленин айылы, Алма-Ата көчөсү 67;
  • 15,5 км, Ленин айылы, Алма-Ата көчөсү №385 үйдүн жанында;
  • 17 км, Ленин айылы, “Роснефть” май куючу жайынын жанында;
  • 59 км, Токмок шаары, “Нуржамал” кафесинин жанында;
  • 60 км, Токмок шаарында (айлампа);
  • 68,8 км, Сайлык айылы “Төлгө” дүкөнүнүн бет маңдайында;
  • 73 км, Искра айылы, Биянху көч. № 107 үйүнүн бет маңдайында;
  • 78 км, Чымкоргон айылы, Казакбаев көчөсү № 137 үйүнүн жанында;
  • 95 км, Жаңы-Алыш айылы, Орловка шаарынын бурулушу;
  • 102 км, Кемин шаары, Советтик-Каракөл көчөлөрүнүн кесилишинде;
  • 18 км, Алга айылына бурулушта.

Эске салсак, "Коопсуз шаар" долбоору 2019-жылдын 12-февралдан тартып Бишкек шаарында иштей баштаган. Анын алкагында көчөлөрдүн кесилиштерине камералар орнотулууда. Долбоорду россиялык "Вега" концерни ишке ашырып жатат.

Келишимге ылайык, 12-майга чейин биринчи баскычта камтылган бардык 110 көзөмөл камера-комплекстери орнотулуп бүтмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий