• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эртең Кыргызстанда абанын температурасы 20 градуска чейин көтөрүлүшү күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 25.02.20. /Кабар/. 26-февралда түнкүсүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. 26-февралда күндүз Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда жана Чүй, Талас, Ош облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 15…20 градус, Талас облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 15…20 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 3…8, Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -2…+3 градус болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн -1…+4, күндүз 15…20 градус жылуу болушу күтүлөт.

Эртең, 26-февралда борбор калаабыз Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…2, күндүз 18...20 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий